
Ош шаарында күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Улуттук илимдер академиясынын сейсмология институтунун маалыматы боюнча Кыргызстандын калктуу аймактарында жер титирөөнүн күчү:
Ош — 5 баллга жакын;
Шарк, Таштак, Кызыл-Кыштак, Нариман, Кыргыз-Чек айылдарында — 5 баллга жакын;
Кара-Суу айылы — 4 балл.
Жабыркагандар жана кыйроолор тууралуу азырынча маалымат жок.