Медициналык туризм: чет өлкөлүктөргө трансплантация жасоо каралууда

Медициналык туризмдин алкагында чет өлкөлүктөргө трансплантация жасоо мүмкүнчүлүгү каралып жатат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда 65-операция жасалып, аны саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев көргөн. Министр трансплантация дарыгерлердин жүгүн азайтарын белгилеп, бул багытты өнүктүрүү зарылдыгын айткан.

Ошондой эле өлкөдө бөйрөктү алмаштыруу операциялары мурдагы жылга салыштырмалуу былтыр 36,4 пайызга өсүп, 22ге жеткени, быйыл беш операция жасалганы айтылды.

“Келечекте медициналык туризмдин алкагында чет өлкөлүк жарандарга орган трансплантациялоо мүмкүнчүлүгү да каралып жатат, бул жогорку технологиялык операцияларды жасаган мекемелерди каржылоонун кошумча булагы болуп калышы мүмкүн”, — деп айтылган маалыматта.

Өлкөдө бөйрөгүн алмаштырган бейтаптардын саны 738ге жетип, бардыгы тиешелүү дарылануудан өтүп жатканы кошумчаланды.