Кыргызстан 12 жылдык билим берүүнү этап-этабы менен ишке ашырууну улантат

Кыргызстанда 12 жылдык мектепте билим берүүнү этап менен киргизүү улантылат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Белгиленгендей, процесс «өлкө жетекчилиги тарабынан айтылган бардык сын-пикирлерди жана талаптарды эске алуу менен жана аныкталган тобокелдиктерди азайтуу» менен ишке ашырылат.

Билим берүүнү трансформациялоо 6 жаштан тартып бир окуу жылын кошуп коюу менен гана чектелбейт, ал окутуунун сапатын жогорулатууга, мектеп программасынын жүгүн жеңилдетүүгө жана билим берүү системасындагы көйгөйлөрдү жоюуга багытталган.

Билим берүүнү трансформациялоону каржылоо республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат. Каражаттар инфраструктураны модернизациялоого, окуу программаларын жана окуу китептерин жаңылоого, педагогдордун квалификациясын жогорулатууга жана мектептерди заманбап лабораториялар менен жабдууга жумшалат. Мындан улам Билим берүү министрлиги 12 жылдык системага өтүү менен жогорку класстардын окуучулары болочоктогу кесибин алдын ала аныктоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушарын, бул мектеп окуучуларына багытты тандоого жана окууга тапшырууда жаңылыштыктарды кетирбөөгө жардам берерине токтолду.

Билим берүүнү трансформациялоонун маанилүү аспекттеринин бири — мектепке кабыл алууда балдардын даярдык деңгээлин теңдештирүү. Бул ар бир бала үчүн бирдей мүмкүнчүлүктү камсыз кылат.

Билим берүү жана илим министрлиги 

«Мектептердеги окуучу орундардын жетишсиздиги көйгөйү да көз жаздымда калган жок. Жаңы системаны киргизүү жаңы мектептерди жана кошумча корпустарды курууну камтыйт, бул билим берүү уюмдарына келчү жүктү теңдөөгө мүмкүндүк берет», — деп белгилешти мекемеден.

Ошондой эле министрлик тарабынан бардык келип түшкөн сунуштар жана сын-пикирлер талдоо улантылып жатканын, ар бир жаран өзүнүн суроолоруна жоопторду ала алышы үчүн коомчулукту кабардар кылуу боюнча иш күчөтүлөрү айтылды. Толук маалымат Билим берүү жана илим министрлигинин расмий ресурстарына жайгаштырылары кошумчаланды.