Жогорку Кеңеш Мирбек Мамбеталиевди маданият министри кызматына бекитти

Бүгүн, 26-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин кызмат ордуна Мирбек Мамбеталиевди дайындоого макулдук берүү жөнүндө маселе карап, талапкерлигин бир добуштан жактырышты.

Эске сала кетсек, 21-февралда президент Садыр Жапаров маданият министри Алтынбек Максүтовду кызматынан бошотуп, Мирбек Мамбеталиевди министрдин милдетин аткаруучу кылып дайындаган.

Маданият менен эч качан алектенбегени белгилүү. Бирок Жогорку Кеңештин төрагасы түшүндүргөндөй, бийлик башка иш ыкмаларына өтүүнү чечти. Мисалы, өнүккөн өлкөлөрдө билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият министрликтерин экономисттер, финансисттер башкарат.