«Сосновка» постунда жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди

Чүй облусунун Жайыл районундагы Бишкек — Ош унаа жолунун «Сосновка» постунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө бүгүн саат 07:00дөн тартып убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мындай чечим унаа жол тайгак болгондугуна байланыштуу кырсыктардын алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында № 9 ЖТИнин сунушу боюнча кабыл алынды.

Кошумча маалымат берилет.