
Индияда 5 адам пилдердин кол салуусунан каза болду.
TRT Hindustan Times гезитинин маалыматына таянып, Андхра-Прадеш штатындагы “Маха Шиваратри” фестивалына бара жаткан адамдардын тобу токойдо пилдердин кол салуусуна учураганын жазды.
Пилдердин астында калган 5 адам окуя болгон жерде каза таап, жаракат алгандар ооруканага жеткирилди.
Жабыркагандардан эки кишинин абалынын оор экендиги айтылды.