
Ысык-Ата районунда сегиз күндөн бери дайынсыз болуп жаткан 22 жаштагы кыз киши колдуу болгон. Бул тууралуу Чүй ОИИБден кабарлашты.
Маалыматка ылайык, өткөн аптада милицияга аял арыз жазып, кызы 18-февралга караган түнү үйдөн чыккан боюнча дайын-дареги жок болуп жатканын айткан.
“Кыз таанышы менен жолугуп, ортодо жаңжал чыкан. Жигит кызды сабап, бут кийимдин боосу менен муунтуп өлтүргөн. Сөөгүн болсо талаага алып барып, көөмп салган”, — деп айтылат маалыматта.
Кылмышка шектелип 21 жаштагы жигит кармалганы кошумчаланды.