
Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Айпери Медет кызы Казакстандын Алматы шаарында өткөн Professional Wrestling League-8 мелдешинде жеңишке жетти.
76 кг салмакта күрөшкөн Медет кызы казакстандык спортчу Жамиля Бакбергенова менен күч сынашып, аны 5:1 эсебинде жеңди.