Жогорку Кеңеште “Ата Журт Кыргызстан” партиясынан жаңы депутат Гүлсүнкан Жунушалиева ант берди.
Ал мандатын тапшырган Гүлшаркан Култаеванын ордуна келди.
Гүлсүнкан Жунушалиева 1969-жылы 16-июлда Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Кочкор айылында туулган.
1992-жылы Томск мамлекеттик университетинин философия факультетин бүтүргөн.
1992-1998-жылдары – Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде окутуучу (Каракол);
1998-жылдан азыркыга чейин – Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын философия кафедрасынын окутуучусу;
2021-жылдан азыркыга чейин КММАнын мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректору.
7-чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин койгон.