
Президенттик администрацияда мектеп рэкетчилиги, бейбаштык жана балдар арасындагы ар кандай терс көрүнүштөргө байланыштуу кеңешме 17-февралда өттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.
Жыйынды министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов өткөрүп, ага аймактардагы бийлик өкүлдөрү жана тийиштүү мамлекеттик органдар катышты.
Байсалов маселени комплекстүү чечүү керек экенин белгилеп, жер-жерлерде жыйындарды өткөрүүнү жана алдын алуу иш-чараларды иштеп чыгуу тапшырмасы берилди.
Соңку апталарда Кыргызстанда өспүрүмдөрдүн чатакташуусунан, мектептеги чоңсунуудан улам балдардын өлүмү менен коштолгон окуялар катталды.
Билим берүү министрлиги бул окуялар боюнча мугалимдер, жетекчилер жоопкерчиликке тартылганын билдирүүдө. Ички иштер министрлигинин 2024-жылдын он айында 75 өспүрүм өз өмүрүн кыйганын маалымдаган билдирүүсүнөн кийин суицидге барган балдардын жакындары балдар мектептеги чоңсунуу (рэкетчиликтин) айынан өзүнө кол салганын маалымдаган.