Бишкекте автобустун айдоочусу чыга калып, аялдамадагы адамды урган деп кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБ кабарлады.16-февралда милицияга арыз түшкөн. Жабырлануучунун айтымында, коомдук транспорттун айдоочусу 7-апрель — Анкара көчөлөрүнүн кесилишинде эч себепсиз кол көтөрүп, залал келтирген.
Кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык” беренеси менен иш козголуп, 40 жаштагы киши кармалды. Маалыматта анын ушул сыяктуу бир нече кылмыш жасагандыгы аныкталганы айтылган.