Президент «Ош» аэропортунун жаңы аэробекет комплексинин курулушуна старт берди

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 14-февралда Ош облусуна жумуш сапарынын жүрүшүндө «Ош» эл аралык аэропортунун жаңы аэробекет комплексинин курулушуна мезгил кутусун салды. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Бул масштабдуу долбоор Кыргызстандын түштүгүндөгү авиация инфраструктурасын өнүктүрүүдө маанилүү кадам. Анын өткөрүү мүмкүнчүлүгү жылына 5 миллиондон ашык жүргүнчүнү түзөт. Бул жаңы аэробекет 2 кабат, жер төлөсү менен курулат. Жалпы аянты 25 443 чарчы метрди түзөт.

Жаңы терминалын долбоорлоодо жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу жүрүүгө бардык шарттар эске алынган — кенен зал, заманбап каттоо жайлары, фуд-корт, эс алуу зоналары, автоматташтырылган 650 орундуу унаа токтотуучу жай жана башкалар.

Мындан тышкары өнүктүрүү долбоорунда перронду кеңейтүү менен бирге учактарды токтотуучу жайлардын санын 25 көбөйтүү каралган. 2025-жылы учуп-конуу тилкесинин долбоордук-сметалык документациясын даярдалып, 2026-жылы учуп-конуу тилкесин узартуу пландаштырылууда жана реконструкциялоо иштери аяктагандан кийин «жогорку интенсивдүүлүктөгү жарык берүүчү» системасы 3-категорияга чейин жогорулатылат.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө, бүгүнкү күндө «Кыргызстан аэропорттору» ачык акционердик коому уюштуруу-башкаруу түзүмүн жакшыртуу менен өнүгүүнүн туруктуу жолуна түшкөнүн баса белгиледи.

«Аймактарда аэропорттордун инфратүзүмдөрү жаңыланып, маршруттук каттамдар кеңейүүдө. Ошол эле учурда авиация тармагынын ишмердүүлүгүнүн бир катар багыттары жигердүү өнүгүүгө бет алды. Биз Кыргызстандын авиация тармагынын кайра жаралышына күбө болуп жатабыз», — деп белгиледи Президент.

Ал буга чейин «Каракол» эл аралык аэропорту жана «Талас» аэропорту ишке киргизилгенин эске салды. «Жалал-Абад», «Караван», «Казарман», «Баткен» аэропортторунда учуп-конуу тилкелери капиталдык ремонттон өткөрүлдү. «Ысык-Көл» эл аралык аэропорту менен «Нарын» аэропортун оңдоп-түзөө иштери кызуу жүрүп жатат, ал эми Жалал-Абад шаарында жаңы аэропорттун курулушу башталат. Мамлекеттин учак паркына эки Bombardier Dash — 8-400 аба кемеси сатылып алынган эле, эми быйыл дагы жаңы эки учак менен толукталат.

«Мына ушундай жакшы саамалыктарды улай, бүгүн биз бул жерге «Ош» эл аралык аэропортунун жаңы аэробекет комплексинин курулушун баштоо үчүн мезгил кутусун салганы турабыз. Бул окуя жеке эле түштүк аймагы үчүн эмес, бүтүндөй Кыргызстан үчүн чоң мааниге ээ», — деди Мамлекет башчысы жана жалпы кыргызстандыктарды маанилүү долбоордун башталышы менен куттуктады.

Президент «Ош» эл аралык аэропорту Кыргызстандагы жүргүнчүлөрдүн агымы боюнча экинчи орунда турган ири аэропорт жана жалпы Фергана өрөөнүнүн негизги транспорт түйүндөрүнүн бири экенин баса белгиледи. Бул аэропорт Кыргызстандын түштүк аймагынын тургундарын гана эмес, Борбор Азия, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештиги, Жакынкы Чыгыш өлкөлөрү жана башка региондордун ортосундагы маанилүү байланышты камсыз кылат.

«Бүгүнкү күндө аэропорт Airbus A320, Boeing 737 жана алардын аналогдору болгон заманбап учактарды кабыл ала алат. Демек, аэропортубуз эл аралык деңгээлдеги атаандаштыкка жөндөмдүү экенин көрсөтүп турат», — деди Садыр Жапаров.

Президент өз сөзүндө колдонуп келген аэропортубузду модернизациялоонун зарылдыгын ырастады. 1974-жылы курулган аэропорт жүргүнчүлөрдүн агымынын, жүктөрдүн жана рейстердин санынын өсүшү менен заман талабына толук жооп бере албай калды.

«2021-2024-жылдар ичинде аэропорттордо тейленген ички жана тышкы аба каттамдарында жүргүнчүлөрдүн агымынын туруктуу өсүү динамикасы дээрлик 47%ды түздү. Жүргүнчүлөрдүн саны 3,9 млндон 5,8 млн чейин көбөйдү. Жаңы аэробекет комплекси, буюрса, аэропорттон саатына 900 жүргүнчүнүн учуп-конуусун тейлөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Албетте, жүргүнчүлөргө кызмат көрсөтүүнүн сапаты менен ыңгайлуулугу да жакшырат. Бул аракет — өлкөбүздүн аба транспортунун инфратүзүмүн өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам. Көздөгөн максатыбыздын ишке ашуусу менен Кыргызстандын авиациялык түйүнүнүн позициясы бекемделет», — деди Садыр Жапаров жана 2027-жылга карата аба ырайынын ар кандай шарттарында коопсуз учууларды камсыздоо үчүн Бишкек жана Ош аэропортторунун учуу тилкелерин реконструкциялоо аяктай турганын кошумчалады.

Ал жаңы аэробекет комплексинин долбоору Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин Шаар куруу жана архитектура департаменти тарабынан иштелип чыкканын белгиледи. Курулуштун башкы подрядчысы катары «Кыргызкурулуш» мамлекеттик ишканасы иш алып бармакчы. Долбоорду каржылоо «Кыргызстан аэропорттору» ачык акционердик коомунун өз каражатынын эсебинен жүргүзүлөт.

«Ошол эле учурда жаңы аэробекет комплексинин курулушун чоң пландарыбыздын башталышы гана деп туралы. Биз аэропорттун маршруттук тармагын кеңейтүүнү, жаңы авиакомпанияларды тартууну жана жүк ташуулардын көлөмүн көбөйтүүнү мерчемдеп жатабыз. Ошону менен бирге, «Ош» аэропортун транспорттук түйүн гана эмес, туризм жана бизнести өнүктүрүүгө өбөлгө болуучу экономикалык маанилүү борборго айландырабыз», — деп жыйынтыктады президент Садыр Жапаров.