
Ош облусунун Кара-Суу районунда 9-класстын окуучусу сабалып каза болду. Шектүү кармалганын облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 12-февралда Каратай айылындагы No39 мектептин жанынан окуучу кулап каза болгондугу тууралуу маалымат түшкөн. Аталган факты катталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалды.
Күбөлөрдүн айтымында, окуучулардын ортосунда уруш чыккан. Натыйжада 9-класстын окуучусу сабалып, эс-учун жоготкон.
Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси “Ден соолукка оор залал келтирүү” боюнча кылмыш иши козголду.
Алдын ала тергөө маалыматтары боюнча, маркумду ошол эле мектептин окуучусу 2007-жылы туулган Р.Н. кармалып, убактылуу кармоочу жайга камалды.
Тергөө иштери уланууда.