
Эртең, 11-февралда Бишкектин дагы бир районунда саат 9:00дөн 24:00гө чейин турак жайларга, мектептерге, мектепке чейинки балдар мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерге суу берүү токтотулат. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирди.
Өчүрүү аймагы төмөнкү көчөлөр менен чектелет: Скрябин – Абай – Радищев – Байтик баатыр – Медеров – Абай – Тыныстанов – Медеров – Скрябин – Малдыбаев – Медеров – Байтик баатыр.
“Бишкексууканал” ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.