
Кытайдын Shenzhen Energy Group Co., Ltd. компаниясы Кыргызстанга күн жана шамал электр станцияларын курат. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, станцияларды куруу боюнча инвестициялык келишим күн мурун президент Садыр Жапаровдун Кытайга жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында түзүлдү.
Тактап айтканда, КР министрлер кабинети менен Shenzhen Energy Group Co., Ltd. кытай компаниясынын ортосунда Кыргызстандын аймагында кубаттуулугу 300 МВт шамал электр станциясын куруу жана эксплуатациялоо, ошондой эле кубаттуулугу 300 МВт күн электр станциясын түзүүгө багытталган.
Мындан тышкары, “Shenzhen Energy Group Co., Ltd.” менен дагы бир Инвестициялык келишим түзүлдү, ал кубаттуулугу 300 МВт күн электр станциясын түзүүгө багытталган.
Документке Кыргызстандын энергетика минитсри Таалайбек Ибраев жана Shenzhen Energy Group Co., Ltd. компаниясынын вице-президенти Ли Чжуогэ кол койду.
Бул келишимдер Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы энергетикалык кызматташтык үчүн жаңы перспективаларды ачып, энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүүгө, инвестицияларды тартууга жана республиканын энергетикалык коопсуздугун чыңдоого өбөлгө түзөт.
Компания Шэньчжэндин SASAC башкаруусундагы ири мамлекеттик ишканалардын (GRE) үчөөнүн катарына кирет, жогорку саясий мааниге ээ, ошондой эле Шэньчжендин GRE арасындагы эң ири жана эң активдүү облигация эмитенттеринин бири болуп саналат. Shenzhen Energy энергияны үнөмдөөчү объектилерге, кыймылсыз мүлккө жана ижарага инвестиция салат, ошондой эле энергетикалык объектилерди долбоорлоо, куруу, башкаруу жана эксплуатациялоо менен алектенет.
Shenzhen Energy ишмердүүлүк чөйрөсү традициялык жана жаңы энергия булактарын иштеп чыгуу, өндүрүү, сатып алуу жана сатуу менен алектенет.
Компания энергиянын натыйжалуулугун жогорулатуучу жогорку технологиялык тармактарга инвестиция салат жана аларды башкарат.