Кыргызстанда пенсиянын орточо көлөмү 10 миң 585 сомду түздү

Кыргызстанда пенсиянын орточо көлөмү жогорулагандан кийин 10 миң 585 сомду түздү. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде Социалдык фонддун коомчулук менен иш алып баруу башкармалыгынын башчысы Жеңиш Мукамбетов билдирди.

Анын айтымында, учурда пенсиянын басымдуу бөлүгү коммерциялык банктар аркылуу берилип жатат. Өткөн жылы жалпысынан 60 миңден ашуун пенсионерге пенсия чегерилди.

“Жыл сайын пенсионерлердин саны өсүп келет. Үстүбүздөгү жылдын 1-январына карата пенсионерлердин саны 797 миңди түздү”,-деп маалымдады ал.