2024-жылы Кыргызстандагы экинчи ири алтын кен ишканасы «Альянс Алтын» мамлекеттин бюджетине 9,3 млрд сом салык төгүп, анын ичинде 883 млн сом декабрь айында которулган. 2015-жылдан бери долбоор ишке ашырыла баштагандан тартып, компаниянын жалпы салык төлөмдөрү 24,3 млрд сомдон ашты.
Бул жылы Таластагы алтын кен комбинатында 1,33 млн тонна руда иштетилип, 4,5 тонна алтын алынды. Жалпысынан, 2021-жылдан бери компания 4,67 млн тонна руданы иштетип, 16 тоннага жакын баалуу металл өндүрдү.
Алтын сатуу аркылуу алынган кирешеден 7,5 млрд сом салык төлөнүп, 2021-жылдын апрелинен бери бул көрсөткүч 18 млрд сомго жетти.
2024-жылдын негизги багыттарынын бири инфраструктураны жаңыртуу жана жаңы технологияларды киргизүү болду. Өндүрүштүн узак мөөнөттүү коопсуз иштешин камсыз кылуу үчүн өндүрүш калдыктарын сактоочу жайдын экинчи этабы курулуп бүттү. Ошондой эле Жерүй кенинин жер алдындагы запастарын иштетүүгө даярдык көрүү иштери башталып, өндүрүш көлөмүн көбөйтүү мүмкүнчүлүгү түзүлдү.
Экология маселелери компаниянын ишмердүүлүгүндө өзгөчө орунда турат. Жыл бою аба, суу жана топурактын абалы тыкыр көзөмөлдөнүп, айлана-чөйрөгө тийгизилген таасирди азайтуу жана экологиялык баланс сактоо боюнча бир катар демилгелер ишке ашырылды.
«Альянс Алтын» жергиликтүү аймактарды өнүктүрүү жана калкты колдоо боюнча инвестицияларды улантууда. Регионду өнүктүрүү программаларынын башталганынан бери 1,7 млрд сом жергиликтүү инфраструктураны жакшыртууга жумшалды.
Анын ичинде:
● 843 млн сом Талас облусун өнүктүрүү фондуна;
● 506 млн сом Талас районун өнүктүрүү фондуна;
● 337 млн сом Шумкар-Уя айыл өкмөтүн өнүктүрүү фондуна бөлүндү.
Бул каражаттар көпүрөлөрдү куруу, табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу сыяктуу маанилүү долбоорлорго жумшалды.
Компания региондо жумуш орундарын түзүүгө да чоң көңүл бурууда. 2024-жылдын аягында Жерүй кенинде 797 адам иштесе, алардын 568и Талас облусунун тургундары, анын ичинде 247 кызматкер Шумкар-Уя айыл өкмөтүнөн.
Жаңы түзүлгөн жумуш орундары үй-бүлөлөрдүн бакубаттуулугуна жана региондун экономикасына олуттуу таасирин тийгизүүдө.