Президенттин чечими. Алымкадыр Бейшеналиев кызматтан кетүүсү боюнча эмне деди?

Бүгүн, 3-февралда Маламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналие кызматынан бошотулушу боюнча «Бул президенттин чечими, мен ага макул болдум», — деп билдирди.

Анын айтымында, мындан ары да жалпы хирургия бөлүмүндө иштөөнү пландап жатат.

Экс-министр кызматта турганда саламаттыкты сактоо тармагында маанилүү деп эсептеген бир нече чечимдерди атады. Алар клиникалардын биригүүсү, медицина кызматкерлеринин айлык акысын көтөрүү, «Кыргызфармация» ишканасын түзүү, «Эл Аман» мамлекеттик дарыканаларды ачуу, саламаттыкты сактоо мекемелеринин курулушун баштоо. Анын айтымында, учурда республика боюнча 25 оорукана курулуп жатат.

Ал Саламаттыкты сактоо министрлигин 2020-жылдын октябрынан 2022-жылдын августуна чейин жетектеген. Андан соң президенттин жарлыгы менен саламаттыкты сактоо министри кызматынан бошотулган. Биринчи отставкага COVID-19 вакциналарын сатып алууга байланышкан коррупциялык айыптоолор себеп болгон. Бирок кийинчерээк Алымкадыр Бейшеналиевге козголгон кылмыш иши далилдердин жетишсиздигинен кыскарып, ал 2023-жылдын сентябрында министр кызматына кайтып келген.

Бейшеналиев кайра бул кызматка кайтып келе алабы деген суроого, ал «билбейм», — деп жооп берди.