
Жерүй кенинин оператору “Альянс Алтын” 2024-жылдан 2026-жылга чейинки стратегиялык жол картасына кол койду. Документти «Альянс Алтын» ЖЧКсынын башкы директору Сабир Рахматов жана КРСУнун ректорунун милдетин аткаруучу Сергей Волков бекитти.
Жол картасы билим берүү, илим жана кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жаатында кызматташуунун негизги багыттарын аныктайт. Анын максаты – КРСУ менен өлкөнүн алдыңкы тоо-кен компанияларынын бири ортосундагы узак мөөнөттүү өнөктөштүктү бекемдөө. Макулдашууну ишке ашыруунун алкагында «Альянс Алтын» компаниясынын жетекчилери жана инженердик кызматкерлери үчүн төмөнкү багыттар боюнча ондон ашык билим берүүчү курстарды өнүктүрүү пландаштырылууда: тоо кен өнөр жайындагы коопсуздук жана инновациялар,долбоорду башкаруу, лидерлик жана командалык иш, техникалык диагностика жана метрология, табигый системаларды калыбына келтирүү.КРСУнун студенттери үчүн Жерүй кенинде практика уюштурулат. Бул келечектеги адистерге реалдуу өндүрүштүк шарттарда практикалык көндүмдөрдү алууга мүмкүндүк берет. Тараптар ошондой эле тоо-кен иштеринин натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле экологиялык жактан таза технологияларды өнүктүрүү жаатында биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүнү макулдашты.
Жыл сайын «Альянс Алтын» компаниясынын 100гө жакын кызматкерлери КРСУнун базасында окуудан өтө алышат. 2024–2026-жылдарга билим берүү жана илимий иш-чаралардын бюджети бир нече миллион сомго бааланган. 2026-жылга чейин окуунун жана прикладдык изилдөөлөрдү жүргүзүүнүн 15тен ашык жаңы ыкмаларын киргизүү пландаштырылууда. Жол картасында натыйжаларга үзгүлтүксүз баа берүү жана тараптардын керектөөлөрүнө жараша иш-чараларды жаңылоо мүмкүнчүлүгү каралган.