Бишкекте эки өрт өчүрүүчү бригада күйүп жаткан жеке бала бакчаны өчүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Бүгүн, 31-январда таңга маал Алма-Ата көчөсүндөгү жеке үйлөрдүн биринен өрт чыкты. Саат 8:05те өрттү өчүрүүгө бригадалар жөнөтүлгөн.