Уюшкан кылмыштуу топторду жоюу боюнча өткөрүлгөн иш-чаралардын алкагында К.Н. аттуу Кыргызстандын жараны кармалып, атайын кызматтын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кабарлады.
Маалыматта айтылгандай, аталган жаран 2013-жылдан бери Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун өкүлдөрү менен тыгыз мамиледе болуп, “Дөө Чыңгыз” каймана аты менен белгилүү кримтөбөл Чыңгыз Жумагулов менен да жакын мамиледе болгон.
УКМКнын билдирүүсүндө К.Н. уюшкан кылмыштуу топтордун лидерлеринин колдоосу менен жарандарга ар кандай басым жасап, шантаж жана коркутуу жолу менен кыздарды зордуктап жүргөнү да айтылат. Мекеме зордуктоо жана уюшкан кылмыштуу топторду каржылоо фактылары жабырлануучулардын арыздарынын материалдары менен тастыкталарын маалымдайт.
Ыкчам маалыматтарды документтештирүү жана бул кылмыштарга тиешеси бар адамдарды жоопкерчиликке тартуу максатында тиешелүү тергөө-оперативдүү иштер жүргүзүлүүдө.
Кыргызстанда “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев 2023-жылы 4-октябрда Бишкекте УКМКнын атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн.
Мындан бир айдан кийин, 2-ноябрда Ташиев Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимов менен Камчы Көлбаевди “Кыргызстанда мафия түзгөн” деп айыптаган.
Ошол эле жылы 11-декабрда УКМКнын басма сөз кызматы Камчы Көлбаев менен Райымбек Матраимовдун “мафиясына байланышы бар” деген 180ден ашуун киши мамлекеттик кызматтан алынганын билдирген. Анын ичинен 76 адам Мамлекеттик бажы кызматынан кеткен. Алардын аты-жөнү жана буга чейин ээлеген кызматы тууралуу маалымат бериле элек.