Бишкекте эки күндө 50 мас айдоочу аныкталды

Бишкек шаарында эки күндүк «Рулга» рейддик иш-чарасынын жүрүшүндө укук коргоо кызматкерлери тарабынан 2609 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталса, анын 50сү мас абалында унаа башкарган. Бул тууралуу 24.kg басылмасына Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Рейд 24-26-январь аралыгында Бишкек шаарында жүргүзүлүп, бул убакыт аралыгында төмөнкүдөй мыйзам бузуулар аныкталган.

— Мас абалында унаа башкарганы үчүн 50 протокол түзүлдү;

— 46 айдоочуга айдоочулук күбөлүгү жок же транспорттук каражаттын каттоо күбөлүгү жок унаа башкарганы үчүн айып салынды;

— Алдыңкы капталын же алдыңкы айнегин мыйзамсыз караңгылаткан 22 айдоочуга айып пул салынды;

— 2 миң 491 башка жол кыймылынын эрежелерин бузуулар.

Мындан тышкары, борбордо 566 унаа айып жайга киргизилди. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы айдоочуларга жол эрежесин так сактоону эскертет.