Президент Садыр Жапаров “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” КР мыйзамына кол койду.
Мыйзам 2024-жылдын 26-декабрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Аталган мыйзам Кыргыз Республикасынын дин чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүү максатында кабыл алынган.
Мыйзамдын 1-беренесине ылайык аталган мыйзам КР Конституциясына жана эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине жана ченемдерине, ошондой эле мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык дин тутуу эркиндигин жүзөгө ашыруу үчүн кепилдиктерди камсыз кылууга багытталган, диний иш субъекттеринин статусун, укуктарын жана милдеттерин аныктайт, алардын ишине байланыштуу келип чыккан мамилелерди жөнгө салат.
Кабыл алынган мыйзам менен төмөнкүлөр каралган:
– Мыйзамдын түшүнүк аппаратын кеңейтүү (мыйзамда колдонулуучу негизги терминдер жана түшүнүктөр);
– мамлекет менен дин уюмдарынын өз ара аракеттенүүсүн так регламентациялоо;
– диний уюмдардын ишин мамлекеттик жөнгө салуу тууралуу жоболорду, анын ичинде диний уюмдарды түзүү, алардын ишин аткаруу жана токтотуу тууралуу жоболорду жакшыртуу;
– тыюу салынган иш-аракеттердин толук тизмесин белгилөө;
– диний билим алуу тууралуу жоболорду так регламенттештирүү;
– дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын укуктук статусун белгилөө;
– диний ишти жүзөгө ашыруучу субъекттердин түрлөрүн классификациялоо жана алардын эсептик каттоо тартибин аныктоо;
– диний иш субъекттеринин мүлктүк абалы, укуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги тууралуу жоболорду аныктоо.
Аталган мыйзам 2025-жылдын 1-февралынан тартып күчүнө кирет.