Баткенде шахтада уранды астында калган жаран куткарылды 

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, күн мурун, 16-январда Сүлүктү шаарындагы шахталардын биринде кен казуучу уранды астында калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Куткаруу иштерин жүргүзүүгө жалпы 13 куткаруучу тартылды.

Куткаруучулардын ыкчам аракети менен кен казуучу аман-эсен куткарылып, Тез жардам кызматына өткөрүп берилди.

Абалы туруктуу.