2025-жылдан бери өлкөдө 200дөн ашуун кызамык оорусунун жаңы учуру катталды

2025-жылдын башынан бери Кыргызстанда кызамык оорусунун 229 жаңы учуру катталды, анын 144ү Бишкек шаарында. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Ведомстводон билдиришкендей, оорулардын көбөйүшүнүн негизги себеби эмдөө менен камтуунун төмөндүгү, борбор калаада бул көрсөткүч 69 пайызды гана түзсө, талап кылынган көрсөткүч 95 пайызга чейин жетет.

2024-жылы республикада кызамык оорусунун 14 миң 380 учуру катталса, анын 5,7 миңи Бишкек шаарында катталган. 

Министрлер кабинетинин протоколдук тапшырмасын ишке ашыруунун алкагында Саламаттыкты сактоо министрлигинин көчмө ыкчам штабынын жыйыны уюштурулду.

Талкууга саламаттыкты сактоо жана борбор калаанын мэриясынын өкүлдөрү, саламаттыкты сактоо уюмдарынын жетекчилери, билим берүү мекемелеринин, облустук администрациялардын өкүлдөрү катышты. Алар кызамык, курч респиратордук вирустук инфекциялар жана сасык тумоонун чыгышына каршы учурдагы эпидемиологиялык абалды жана эмдөө кампанияларынын мониторингин талкуулашты.

Өткөн жылы өлкөдө үч этап кошумча жана мажбур эмдөө жүргүзүлгөн. Жалпысынан 918 миң бала жана 29 миң 258 саламаттыкты сактоо кызматкерлери, орто жана жогорку окуу жайлардын мугалимдери жана студенттери эмдөөдөн өткөн

Кызамык оорусунун мындан ары жайылышын алдын алуу үчүн Саламаттыкты сактоо министрлиги тогуз айдан жети жашка чейинки балдарды эмдөө боюнча кампанияларды жүргүзүүнү улантууда.

«Бирок, эмдөөдөн баш тарткандыктан, толук камтууга жетишүү кыйынга турат. Ушул себептен улам, олуттуу эпидемиологиялык тобокелдиктер пайда болот, анткени вирус эмделбеген балдар арасында активдүү жайылып жатат», — деп баса белгиледи ведомство.

Ыкчам штабдын жыйынынын жыйынтыгында кызамык оорусуна каршы күрөшүү боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин жана профилактикалык иш-чараларды күчөтүү чечими кабыл алынды.