Майдан баштап калк электр энергиясына 26 тыйындан кымбат төлөйт

2025-жылдын май айынан тарта калк электр энергиясына 26 тыйындан кымбат төлөйт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекси, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин жыйынында энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.

Анын айтымында, 2024-жылы электр энергиясынын баасы 11 тыйынга көтөрүлсө, 2025-жылы инфляцияны эске алуу менен 26 тыйынга көтөрүү чечими кабыл алынган. Ошентип май айынан тарта тиричилик керектөөчүлөрү үчүн тариф 1,37 сомду түзөт.

Өнөр жай керектөөчүлөрү үчүн тариф 2025-жылдын май айынан тарта 3,49 сомду түзөт. Азыр 3,18 сомдон төлөшөт. Өнөр жай ишканалары үчүн 1 киловатт электр энергиясы 31 тыйынга кымбаттайт.