Бүгүн Бишкек шаарындагы “Мурас” турак жай комплекси ачылды. Ачылыш аземге президент Садыр Жапаров, президенттин Иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев, бийлик өкүлдөрү жана ипотекалык батирдин ээлери катышты.
Расмий маалымат боюнча, азыркы тапта “Мурас” комплексинде 6 блоктон турган 18 кабаттуу үйлөрдө 510 батирдин курулушу аяктап, үй-бүлөлөр үчүн 1 бөлмөлүү 306 жана 3 бөлмөлүү 204 батир даяр болду. Курулуштун жалпы аянты 37 292 чарчы метрди, ал эми сметалык баасы 2 871 685 806 сомду түзөт. Бул – мамлекеттин жана коомдун туруктуу өнүгүшүнө болгон чоң салым.
Белгилей кетсек, “Мурас” турак жай комплекси Бишкектин Маликов көчөсү, 91 дарегинде жайгашкан. Комплекс ири долбоорлордун бири. Анда жалпы 4 745 батир, 39 блок (18 жана 24 кабаттуу үйлөр) салынат. Жаңы комплекстин курулушу бардык коммуналдык кызматтар менен камсыздалган. Өзүнүн жылуулук борбору, борборлоштурулган газ системасы, суу жана канализация, электр энергиясы бар. Электр энергия өзүнүн трансформатордук станциясы менен камсыздалган. Бардык блоктордун курулушун 2026-жылдын 4-кварталында аяктоо пландалууда.
Эске салсак, батирлер төмөнкү категориялар боюнча берилет:
- Мамлекеттик ипотекалык компанияга катталган кезектеги жарандар;
- Мигранттарды да камтыган жарандар, алгачкы 50% төлөө шартында үлүштүү ипотека негизинде;
- Биринчи кезектеги социалдык категориядагы жарандар жана мамлекеттик кызматкерлер үчүн тизме боюнча:
Министрлер кабинетинин чечими менен айрым социалдык категориядагы жарандарга артыкчылык берилген, бул мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар, көп балалуу үй-бүлөлөр, жалгыз бой энелер.
Мындан ары ипотекалык үйлөр электрондук тизме менен гана берилет. Айрым социалдык категориядагы жарандар, ипотекалык үйлөрдү социалдык ипотека аркылуу ала алышат.