УКМК “Хизбут-Тахрир” уюмунун 22 мүчөсү кармалганын билдирди

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Ички иштер министрлиги (ИИМ) менен биргеликте Жалал-Абад облусунда Кыргызстанда тыюу салынган “Хизбут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмунун 22 активдүү мүчөсү кармалганын билдирди.

УКМКнын маалыматына караганда, алар бир нече жылдан бери Жалал-Абад шаарынын тургундарынын арасында деструктивдүү идеологияны пропагандалоо, социалдык тармактарда фейк аккаунттарды түзүү, өлкөдө экстремисттик материалдарды көбөйтүү жана жайылтуу менен алектенишкен.

Алар “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” жаңы мыйзам долбооруна каршы чыгып, мыйзамга каршы диний уюмдар арасында баракчаларды тараткан деп шек саналууда.

“Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында “Хизбут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмунун жашыруун басмаканасы, көп сандаган экстремисттик адабияттар, баракчалар жана башка материалдар даярдалган компьютерлер алынган”, – деп айтылат маалыматта.

Кармалган адамдар УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Атайын кызмат жарандарды Кыргызстанда тыюу салынган экстремисттик жана террордук уюмдардын ишмердүүлүгүнө катышкандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилиги бар экенин эскертти.