Таласта 7 млн 600 миң сомго күрөш залы курулат

Талас районундагы Кең-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтү күрөш залын курууга тендер жарыялады.

Мамлекеттик сатып алуулар порталында маалымдалгандай, Орто-Арык айылында спорттук имарат куруу пландалууда.

Күрөш залынын тендердик суммасы 7 миллион 698 миң 19 сомду түзүп, сынактык табыштамаларды берүүнүн акыркы мөөнөтү 25-декабрда аяктайт.