Саналуу күндөрдөн кийин Кыргызстанга Европадан 68 даана жүргүнчү ташуучу автобус келет. Бул тууралуу Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Анын айтымында, автобустар азыр Кордайга жетти.
“Бишкек шаарынын тургундары үчүн жакшы жаңылык. Европадан 3 эшиктүү 68 даана автобус келе жатат, учурда Кордайга келип калды. Аз күндө каттамга коюлат. Бир жыл мурда эле шаар ичин маршруттук таксилер тейлечү эле, азыр анын баары шаардан чыгарылып, алар жаңы автобустарга алмаштырылды. Жолдор четинен жасалып, көчөлөрдүн көркүн бузган көрнөк жарнактар, майда дүкөндөр жана иретсиз зымдар тазаланды. Жакынкы жылдарда Бишкек шаары көрктөнөт”,-деп жазды ал.