Садыр Жапаров иш сапары менен Ысык-Көл облусуна барат

Бүгүн, 10-декабрда президент Садыр Жапаров иш сапары менен Ысык-Көл облусуна барды. Бул тууралуу анын басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Facebook баракчасына билдирди.

Иш сапардын алкагында мамлекет башчысы капиталдык реконструкциядан өткөн Каракол эл аралык аэропортун ачат.

«Бул маанилүү иш-чара аймактын транспорттук инфраструктурасын бекемдеп, туризмди жана Ысык-Көл облусунун экономикасын өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат», — деп жазган басма сөз катчысы.