Бүгүн, 3-декабрда УКМК кызматкерлери ЦУМга мөөр басышты
«Альфа» атайын күчтөрүнүн жоокерлери имаратта турушат. Сатуучулардан каттоодон өтпөгөн уюлдук телефондор алынып жатат. ЦУМдун биринчи кабатында жана жер төлөсүндө тинтүү иштери жүрүп жатат.
Окуя болгон жерге Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери саат 9.00дө келишкен. Иш ушул саатка чейин уланууда.