Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бактыбек Марипов Ош — Бишкек жана Баткен — Бишкек аба каттамына билеттердин кымбаттыгына нааразы болду.
«Ооба, арзан билеттерди саткан «Асман» компаниясы иштей баштады, бирок баага жүк ташуу кирбейт. Мындан тышкары, бул компаниянын билеттери кайтарылбайт жана рейсти башка күнгө жылдыруу мүмкүн эмес», — деп нааразы болду депутат.
Кышкысын борборго унаа менен баруу кыйын болгондуктан Ош менен Баткенден билеттердин баасын арзандатууну суранды.
Эскерте кетсек, буга чейин депутаттар ички каттамдарга билеттердин кымбаттыгына нааразылыгын билдиришкен. Маселен, депутат Камила Талиева Бишкек — Раззаков аба каттамына билеттердин баасы 6 миң сомго чейин көтөрүлүп, мындай баалар лейлектиктердин чөнтөгүн каңдап жатканын билдирген.