«Пенсияны татыктуу көтөрө албайбыз» Депутат Соцфонддун жетекчисин сындады

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эмил Токтошев Социалдык фонддун ишмердүүлүгүн сынга алды. Анынайтымында пенсияны татыктуу деңгээлге көтөрө албай жатабыз.

Депутат төлөмдөрдү 7 пайызга көтөрүү пенсионерлердин жашоосуна эч кандай таасирин тийгизбей турганын белгилеп, инфляциянын өсүшүн эске салды.

«Бир адам 10 миң сом пенсия алса, аны 700 сомго көтөрөсүң. Бул алардын жашоосуна таасирин тийгизбейт. Сиз жетекчи катары ушул маселелерди көтөрүшүңүз керек. А силер отурасыңар, сунуштарыңар жок. Баалардын кымбаттыгы элди муунтуп жатат. Бюджет толукталып жатат, миллиарддар келип жатат деп атабыз. Биз татыктуу пенсияны көтөрө албайбыз», — деди ал.