Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан орто мектептердин мугалимдери үчүн сапатсыз ноутбуктарды сатып алууда жүктөлгөн эмгек милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн төмөнкүлөргө:
– Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго;
– Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсаловго;
– билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаевага;
– билим берүү жана илим министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары Лира Самыкбаевага;
– президентинин администрациясынын президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальнигинин орун басары – тармактык саясат бөлүмүнүн башчысы Жипариса Рысбековага;
– президентинин администрациясынын президенттин жана иинистрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын тармактык саясат бөлүмүнүн башкы эксперти Медербек Омурбековго сөгүш берилди.