Ветеринардык кызматтын бөлүм башчысы коррупцияга шектелип кармалганы кабарланды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Ветеринардык кызмат башкармалыгынын башчысы С. Ж. Кытайдын заводунун өкүлүнөн 1500 доллар пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы 22-ноябрда билдирди.

Ага ылайык, шектүү С. Ж. быйыл июль айында Кытайдын заводунун өкүлү – А.М. аттуу жарандан тиешелүү реестрге киргизүү максатында документтерди тапшырган учурунда акча талап кылган.

“Ири өлчөмдө пара алуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө, арыз ээси М.А. 6 миң жана 3 миң доллар өлчөмүндөгү акча каражатын С.Ж.га өткөрүп берген. Андан ары С.Ж. арыз ээсинин маселесин оң жагына чечүү максатында андан 2 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү сумманын калдыгын талап кылган”, – деп жазылган маалыматта.

16-ноябрь күнү С.Ж. 1500 доллар алып жаткан жеринен кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынганы кабарланды.

Коопсуздук кызматы шектүүнүн бөгөт чарасы каралганы, анын жыйынтыгы тууралуу маалымат берген жок.

Шектүүнүн өзү, адвокаты же жакындары менен байланышууга мүмкүнчүлүк болгон жок.

Атайын кызмат учурда бул коррупциялык ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу иштери жүрүп жатканын маалымдады.

УКМК кызматкерлери 18-октябрда Бишкек шаарынын прокуратурасынын эки кызматкерин кармаган. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Опузалап пара талап кылуу” беренеси менен кылмыш иши козголгон.

УКМК мамлекеттик органдардагы коррупцияны жоюу боюнча иш-чаралар уланып жатканын маалымдоодо.