Жумгалда мал кайтарууга кетип, дайынсыз болуп жаткан жарандын сөөгү табылды

Учурда анын уулун издөө иштери уланууда

Кинология борборунун кызматкерлери тарабынан Жумгал районунда мал кайтарууга кетип, дайынсыз болуп 1 айдан бери изделип жаткан 46 жаштагы К.Б аттуу жарандын сөөгү табылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 11-ноябрында Жумгал районунун аймагында Кинология борборунун кызматкерлери кызматтык-издөө иттери менен издөө иштерине тартылган. Анын алкагында иттердин жардамы менен жоголгон жарандын сөөгү Көкөмерен суусунун жээгинен табылган.

Эске салсак, 16-октябрь күнү 1979-жылы туулган К.Б. жана анын уулу 2015-жылы туулган С.Б. аттуу жарандар мал кайтарууга жайлоого кетип, дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат 19-октябрда түшкөн. Учурда анын уулун издөө иштери уланууда.