Жогорку Кеңештин депутаты Элмурза Сатыбалдиев «Мекенчил» депутаттык тобунун жетекчилигинен кетти. Бул тууралуу парламенттин спикери Нурланбек Шакиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, Элмурза Сатыбалдиев ден соолугуна байланыштуу кызматынан кеткен.
Кошумчалай кетсек, депутат Кундузбек Сулайманов «Ата Журт Кыргызстан» фракциясынан чыгып, «Мекенчил» депутаттык тобуна кирди.