Садыр Жапаров БРИКС саммитине катышуу үчүн “Казань Экспо” көргөзмө борборуна келди  

Президент Садыр Жапаров XVI БРИКС саммитине катышуу үчүн “Казань Экспо” эл аралык көргөзмө борборуна келди.

Иш-чарага келген мамлекет башчыларын Россия президенти Владимир Путин тосуп алды.

Саламдашуу аземи жана биргелешип сүрөткө түшүү аяктагандан кийин, өлкөлөрдүн лидерлери XVI БРИКС+ саммитинин биринчи пленардык отурумуна кеңейтилген форматта катышуу үчүн жыйындар залына өтүштү.