ЖК Токмак шаарынын мэрин депутаттардан кечирим суроосун талап кылууда

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Марлен Маматалиев Токмак шаарынын мэри Максат Нусувалиевден кечирим суроону талап кылды.

Эскерте кетсек, сентябрь айында депутат Эрулан Кокүлов кайрадан чырдын чордонуна түшүп, бул жолу Токмок шаарынын мэри менен айтыша кеткен. Чырдын чыгышына начар ремонттолгон спорт мектеби себеп болгон. Эл өкүлү видеону социалдык тармактардагы баракчасына жарыялады.

Марлен Маматалиев Кокулов Токмак мектебине шаар тургундарынын арызынын негизинде барганын түшүндүрдү. Анын курулушу бүтө элек окшойт. Бирок мэр кол алдындагылардан депутат менен сүйлөшпөөнү жана анын суроолоруна жооп бербөөнү талап кылды.

«Мэр депутаттан колун чөнтөгүнөн чыгарууну талап кылды. Ал жерде өзүн хан сезип алган. Кызмат жерин алмаштырып, мисалы, Таласка жөнөтүш керек. Ошол жерден ал бат эле өзүнө келет. Анан интервью бергенди жакшы көрөт экен. Кайра интервью берип, жалпы парламенттен кечирим сурасын», — деди депутат.

Ал белгилегендей, кызмат орундарынын реестри бар, ага ылайык Жогорку Кеңештин депутаты генералга, мэр майорго теңештирилет. Ал эми майордун генералга ушундай мамиле кылганы туура эмес.

Маматалиев ошондой эле мамлекеттик кызматкердин этикасын бузган аткаминерди жазалоону талап кылды. Ал эми депутаттардын этика боюнча да көйгөйлөрү бар экенин моюнга алды. Андыктан ал кесиптештерин Жогорку Кеңештин фракцияларында депутаттардын этикасынын маселелерин талкуулоого чакырды.