Кой-Ташта 40 жаштагы киши каза болуп, шектүүлөр кармалды

Аламүдүн районурда кайгуул кызматкерлери адам өлтүрүүгө шектелген эки жаранды кармашты. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдирди.

Такталгандай, 21-октябрда саат 21:00 чамасында белгисиз адам жол инспекторуна кайрылып, Кой-Таш айылында 4 адамдын ортосунда жаңжал чыкканын билдирген.

Окуя болгон жерге укук коргоо кызматкерлери барышып, бычактан жаракат алган 40 жаштагы жаранды табышкан.

Шектүү катары 1990-жылы туулган У.Б., 1976-жылы туулган К.П. кармалып, Аламүдүн РИИБдин тергөө кызматына өткөрүлдү. Учурда дагы бир шектүүнү издөө иштери жүрүп жатат.