Депутат Жанар Акаев Бишкектин мэрин жарандар шайлашын сунуштады

ЖК депутаты Жанар Акаев Бишкек мэрин шайлоону азыр болуп жаткандай президенттин чечими менен өткөрбөөнү сунуштап жатат. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

«Борбордун мэрин шаардыктар өздөрү шайлашса жакшы болмок. Мыйзам долбоорун демилгелегенбиз, бирок өтпөй калды. Шайлоочулардын 90 пайызына жеткен Түркияда мэрлик шайлоо өтүп жатканын көрүп жатабыз. Мэр шайлансын деп мыйзам долбоорун иштеп чыгабыз, оң корутундусун бергиле», — деди Жанар Акаев Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабековага кайрылып.

Эске сала кетсек, Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Ажыбаев «Борбордун статусу жөнүндө» жана «Ош шаарынын статусу жөнүндө» мыйзамдарга өзгөртүү киргизүүнү демилгелеген. Документке ылайык, Бишкек шаарынын мэрин президент кадрдык резервдегилердин ичинен дайындайт. Кызмат мөөнөтү беш жыл.

Мындан тышкары, эгерде анын ишмердүүлүгү кабыл алынган чечимдерге жана саясий жетекчилик жүргүзүп жаткан саясатка ылайык келбесе, мамлекет башчысы тарабынан ээлеген кызматынан бошотулушу мүмкүн.