Эртең Бишкекте жылуулук бериле баштайт

Эртең, 22-октябрдан тарта Бишкекте жылуулук бериле баштайт. Маалыматты  вице-мэр Талайбек Байгазиев тастыктады.

Ал белгилегендей, алгач социалдык-маданий объектилер, андан кийин турак жайлар кошулат. Карызы барлар акыркы жолу кошулат.

Эске сала кетсек, буга чейин энергетика министри Таалайбек Ибраев шаарга жылуулук 22-октябрдан тарта бериле баштаарын билдирген. Мэрия шаардын отун-энергетикалык комплексинин кызматтары жылытуу мезгилинин башталышына даяр экенин белгиледи.