Ош-Бишкек багыты боюнча маршруттук таксилердин каттамы токтотулду

Ош-Бишкек каттамына каттаган жүргүнчү ташуучу маршруттук унааларга 15-октябрдан баштап каттамга чыгууга тыюу салынды. Ош ШИИБи боюнча кайгуул кызматы кабарлайт.

Башкармалыктын техникалык көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери алыскы аймактарга каттаган, айрыкча Ош-Бишкек маршруттук унаалардын айдоочуларына 15-октябрдан тартып каттамга чыгууга тыюу салынгандыгын эскертүүдө.

Буга чейин мурдагы өкмөттүн токтомуна ылайык, жүргүнчү ташыган маршруттук унаалар 1-майдан 15-октябрга чейин гана каттачу.