Президент Садыр Жапаров иш сапар менен Түркмөнстанга жөнөп кетти

 Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-октябрда Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедовдун чакыруусу менен Ашхабад шаарына жөнөп кетти.

Анда өлкө башчысы түркмөн акыны жана философу Махтумкули Фрагинин 300 жылдыгына арналган “Мезгил менен цивилизациялардын өз ара байланышы – тынчтыктын жана өнүгүүнүн негизи” аттуу эл аралык форумуна катышуу үчүн жөнөп кетти.

Расмий делегациянын курамындагылар:

– тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;

– Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;

– маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов;

– Кыргызстандын Түркмөнстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Азизбек Мадмаров.