Бишкекте автобустун дөңгөлөктөрүнүн астына калган 18 жаштагы кыз, алган жаракатынан улам каза болду. Бул тууралуу Борбордук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Кырсык бүгүн, 7-октябрда саат 10.00дөр чамасында болгон. Автобустун айдоочусу Чүй проспектиси менен чыгыш тарапты көздөй бара жатып, жөө адамдар өтүүчү жерден жолдун четинен өтүп бара жаткан кызды сүзүп кеткен. Жабырлануучу ар кандай жаракаттар менен Улуттук госпиталдын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.
Бул факты Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталып, керектүү экспертизалар дайындалган. Автобус убактылуу кармоочу жайга токтотулган.
Учурда тергөө амалдары жүрүп, жабырлануучунун өздүгү такталууда.