Бул тууралуу ишкананын басма сөз кызматы билдирди.
«Альянс Алтын» компаниясы Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык агенттиги тарабынан түзүлгөн мыкты 10 ишкананын абройлуу рейтинги боюнча катарына киргенин сыймыктануу менен билдирет. Бул жетишкендик биздин тоо-кен тармагын өнүктүрүүгө жана өлкөнүн экономикасына активдүү салымыбыздын натыйжасында мүмкүн болду.
Биз үчүн Кыргызстандагы ишкерлердин лидерлеринин катарында болуу чоң сыймык. Ар бир кызматкерибиздин эмгеги жана берилгендиги үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдиребиз. Бул жетишкендик бизди республикабызды өнүктүрүү, эмгек шарттарын жакшыртуу жана жергиликтүү коомчулук үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү боюнча иштерибизди улантууга шыктандырат.
Биз Кыргызстанды гүлдөтүүгө салым кошуп, жаңы бийиктиктерге жетүүгө умтулуп, долбоорлорубузду активдүү өнүктүрүүнү уланта беребиз”, – деп айтылат ишкананын берген маалыматында.