Сокулукта төрөттөн бир аял каза болду. Саламаттык министрлиги иликтөө баштады

Саламаттыкты сактоо министрлиги Сокулуктагы төрөт үйүндө толготуп жаткан аялдын өлүмү боюнча алдын ала кызматтык иликтөө жүргүзүүдө. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин башкы адиси Раиса Асылбашева билдирди.

Анын айтымында, 24 жаштагы келин 7-сентябрда каза болгон. Бул анын кесарево операциясынан кийинки экинчи төрөлүүсү.

«Бала толук мөөнөттүү төрөлүп, бирок абалы оор болуп, Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун неонаталдык патология бөлүмүнө которулган. Азырынча дарыгерлердин иш-аракеттерине баа бере албайбыз, азыр соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлүп жатат, бирок биз медициналык документтердин тарыхын талдай баштадык. Түшүндүрүү каттары чогултулду. Биздин медицина кызматкерлерине юридикалык баа кийинчерээк берилет», — деди Раиса Асылбашева.