Эски өкмөт үйү эки министрликке берилди

Президенттин администрациясынын мурдагы имараты Экономика жана Тышкы иштер министрликтерине берилди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 3-сентябрда Министрлер Кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров президенттик администрациянын мурдагы административдик имаратын КР Тышкы иштер министрлиги менен Экономика жана коммерция министрлигине өткөрүп берди.

Буга чейин аталган имарат Бишкек шаарынын мэриясына өтө турганы айтылып жаткан.

Белгилей кетсек, Бишкектин түштүк тарабындагы президенттин администрациясынын жаңы имараты «Ынтымак Ордо» 30-августта салтанаттуу түрдө ачылган.