Айланма жолдогу бир нече унаанын катышуусундагы кырсыктан 7 адам каза болду

Айланма жолдогу жол кырсыгы 7 адамдын өмүрүн алды. Мындай маалыматты Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалым болгондой, 1-сентябрда саат 15:20 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 51-чакырымында Subaru Outback, Mercedes-Benz, Toyota Camry, Toyota Voxy жана Mercedes-Benz Sprinter унаалары кагышкан.

Subaru Outback унаасынын алдыңкы сол дөңгөлөгү жарылып, айдоочу рулду башкара албай калган. Ал каршы тарапка чыгып, алгач Mercedes-Benz Sprinter менен андан соң башка унаалар менен кагышкан.

“Subaru Outback унаасы ылдамдыкты ашыргандыктан дөңгөлөгү жарылып, жол кырсыгы катталды”, – дешет башкармалыктан.

Кырсыктын кесепетинен жети адам, анын ичинде 2 бала каза болду. Дагы 6 адам ар кандай жаракаттарды алышкан, учурда оор абалда жаткандар да бар экенин кошумчалашты мекемеден.